// //

Эмне үчүн телефон карагандан баш ооруйт?

2020.01.08, 11:51
2001

Адамдын башынын салмагы болжол менен 4-5 кг. Телефон карап отурганда мойнубузду ийип, башыбызды 60 градуска төмөндөтүп карайбыз. Ылдый карап отурган учурда, жүлүнгө күч келет, башкача айтканда салмагы 27 кгга жеткен жүктү көтөрүп тургандай болот.

Смартфондор биздин, өзгөчө балдарыбыздын көзүн бузат, деп окумуштуулар айта берип тилдери тешилди. Андан тышкары телефондор адамдардын жандуу сүйлөшүүсүнө да тоскоолдук кылат. Азыркы муунду “башы төмөн караган муун” деп да атап алышкан.

Ойлонуп көрсөңөр, биз телефонду кандай абалда карайбыз? Башты төмөн салаңдатып, бүкүрөйүп алып бир нече саат кенедей экранды тиктеп отура беребиз. Мындайда жалаң эле физиологиялык ден соолугубуз эле эмес, психикалык абалыбыз да кыйла жабыркайт экен.

Мисалы, адам бактылуу, маанайы жакшы болуп турганда, өзүнөн өзү эле башын өйдө көтөрүп, белин түздөп басат экен. Ал эми депрессияга туш болгон же маанайы пас болуп турган киши бүкүрөйүп, башын жерге салып басат. Биз ар дайым ушундай позада отургандыктан, мээ автоматтык түрдө бизди депрессия болуп жатат деп чечип, тиешелүү гормондорду бөлө баштайт.

Жаңы Зеландиялык психотерапевт Стив Огусттун айтымында, анын бейтаптарынын көбү көрүүсүнүн начарлашына жана моюнунун талып оорушуна арызданышат. Телефон карап отурганда башыбызды 60 градус төмөн түшүрүп алганыбыз баштын салмагы беш эсеге жогорулатат. Моюн менен жүлүнгө канчалык күч келип жатканын элестетип жатасыңарбы?

Стив Огуст телефон карап жатканда төмөнкү нерселерди эске алууну сунуштайт:

  1. Ийиндериңерди түздөп, башты түз кармагыла.
  2. Телефон кароого аргасыз болсоңуз, аны өйдөрөөк кармап, мүмкүн болушунча башты салаңдатпаганга аракет кылгыла.
  3. Күнүнө бир нече жолу ийиндерге жана моюнга арналган көнүгүүлөрдү жасап туруңуз.
  4. Эсиңизде болсун, башты жогору кармап жүргөнүңүз сиздин маанайыңызга, жалпы психологиялык абалыңызга таасир этип, өзүңүзгө болгон ишенимди жогорулатат.

Маалымат wordpress.com сайтынан алынды.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт