// //

ЗАГСыбыз Россияныкы. Балдарга жөлөкпул алсак болобу?

2020.01.08, 11:42
1052

Саламатсызбы! Эки балама жөлөкпул алсам болобу? Бирок биздин ЗАГСыбыз Россияныкы. Бул нерсе эске алынабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.01.2020, 11:43

Айкөл Турганбаева

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери

Саламатсызбы! Мамлекеттик жөлөкпул Кыргыз Республикасынын аймагында ата-энеси,  камкорчусу жана асырап алган адамы менен чогуу жашаган балдарга, үй-бүлөнүн кирешесин эске алуу менен “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу чектелет. Негизинен жөлөкпул чектөөдө ата-эненин нике тууралуу күбөлүгү мааниге ээ эмес, баланын же арыз берүүчүнүн жарандыгы эске алынат. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, социалдык төлөмдөрдү төлөө чөйрөсүндөгү эл аралык келишимге кол койгон мамлекеттин жарандарынын балдарына да жөлөкпул чектелет. Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 557 700 845 WhatsApp номерине жазыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт