Чет өлкөгө кетсем, жолдошум баламды алып коем дейт. Мындай болушу мүмкүнбү?
Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз чогуу жашабай калганыбызга 10 айдан өттү. Ал үйлөнгөн, 6 айлык балабызга каралашпайт. Балама жакында алимент өндүрдүм. Эгер мен чет өлкөгө иштеп кетсем баламды алып мага алимент кырктырып коем дейт. Ошондой да болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! КРнын Үй-бүлөлүк кодексине ылайык, балага ата-эненин экөөнүн тең бирдей укугу бар. Ошондуктан, сиз чет өлкөгө чыгып кетсеңиз, жолдошуңуз сотко кайрылып балаңызды талашууга укуктуу. Эгер атасына берүү балаңыздын психикасына терс таасирин тийгизет деп ойлосоңуз, бербей койсоңуз болот. Балаңыз алты айлык экен. Көпчүлүк учурда сот баланы сизге ыйгарып берет, бирок, сиз баланын жанында болушуңуз керек. Себеби аны таштап кете турган болсоңуз, сот деле териштирип, бул жагын карайт. Бул маселеге так жооп берүү кыйын, жалпысынан укуктар ушундай.