Талас мамлекеттик университетинен Бишкекке которулсам болобу?
2020.01.08, 10:10
1246
Саламатсызбы! Учурда Талас мамлекеттик университетинде окуйм. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине которулсам болобу? Бул үчүн эмне кылышым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.01.2020, 10:11
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Эгер контракттык негизде окусаңыз которулсаңыз болот. Ал үчүн предметтер арасындагы айырмачылыктарды тактап, бар болсо тапшыруу керек. Бюджеттик негизде окусаңыз которулуу кыйыныраак. Себеби гранттык орундар ЖОЖдор арасында бөлүштүрүлөт, мындай орунду бир университеттен экинчиге ыргытуу мүмкүн эмес. Тактап айтканда, гранттык орун бош калса гана которула аласыз.
0
Пайдалуу жооп