Күйөөсү оорукчан аялынан алимент өндүрсө болобу?
Саламатсызбы! Күйөөсү аялын алиментке берүүгө укугу барбы? Эгер эки баласы оорукчан аялында, төрт баласы күйөөсүндө калса.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Берсеңиз болот. Мыйзамда күйөөсү же аялы деген түшүнүк жок, баланы багууну ким жүзөөгө ашырып жатса, ошол тараптын арызы менен экинчи жак алимент төлөйт. Эки балаңыз оорукчан аялыңызда, төрт балаңыз сизде экен. Бул соттук тартипте такталып, чечиле турган маселе. Мындай көрүнүштөр сейрек кездешет, практикамда болгон эмес. Ошондуктан, жыйынтыгы кандай болоорун так жооп берүү мен үчүн кыйын болууда. Негизи сот сөзсүз түрдө аялдын шартын карайт, оорукчан болсо төлөй алабы же жокпу дегендей. Кандай болгон учурда дагы сот адилеттүү чечим чыгарат деп ойлойм.