Мамлекеттик бала бакчага кабыл алуу канча сом турат?
Саламатсызбы! Бишкек шаарындагы мамлекеттик бала бакчаларга кабыл алуу канча сом турат жана кандай документтер керектелет?
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Мамлекеттик бала бакчалар акысыз. Айрым учурларда гана тамактануу үчүн 50% кошумча акы төлөнүшү мүмкүн, бирок бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашканда гана.
Баланы бала бакчага орноштуруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- Медициналык маалымкат 063 / У;
- Эмдөө картасы 26/У;
- Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- Ата-энесин, мыйзамдуу өкүлдөрүн аныктоочу документ;
- Жашаган жеринен маалымкат.
Балдар ден соолугуна, жашына жана жеке өзгөчөлүктөрүнө карата топко бөлүнөт.
Төмөнкү учурларда бала бакча баланы кабыл алуудан баш тартышы мүмкүн:
- Бош орун жок болсо;
- Курч мезгилдеги бардык оорулар;
- Ооруканада дарыланууну талап бардык абалдар;
- Коркунучтуу шишик оорулары;
- Жугуштуу жана мите оорулары ( изоляция мөөнөтү бүткөнгө чейин);
- Ылаңдаткыч "бациллоносительство".
Баланы орноштурууда бала бакча акча сураса Билим берүү жана илим министрлигинин паракорчулук секторун алдын алуу бөлүмүнө 0312 62 05 03 кабарлаңыз.