// //

Экинчи никени каттоо үчүн биринчисин сөзсүз кырктыруу керекпи?

2019.12.25, 13:20
1810

Жолдошум биринчи аялы менен расмий түрдө ажырашкан эмес. Биздин үйлөнүп, турмуш курганыбызга 5 жыл болуп калды. Биз Таластабыз, биринчи жубайы Көлдө. Никеге туруу үчүн мурунку ЗАКСын сөзсүз кырктыруу керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.12.2019, 13:20

Бакай Алишеров

КР Мамлекетти каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Саламатсызбы. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жарандарга бир гана никеге турууга уруксат берилет. Ошондуктан силердин никеңерди расмий түрдө каттоо үчүн мурунку жубайы менен расмий түрдө ажырашуусу керек.

Эгер биринчи жубайы ажырашууга каршы болсо, сотко кайрылуудан башка аргаңыз жок. Соттун ажырашуу тууралуу чечиминин негизинде гана жаңы никени каттатууга уруксат берилет.

Ийгилик.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт