Төрөгөндөн бери айызым келе элек. Мындай болушу мүмкүнбү?
2019.12.24, 12:44
1291
Саламатсызбы. Төрөгөнүмө 9 ай болду. Үстүм келбей жатат, эмне кылышым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.12.2019, 12:46
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Эмизип жаткан көпчүлүк аялдарда менструалдык цикли жок болот. Бул пролактин гормонунун таасирине байланыштуу. Пролактин гормону сүттүн иштелип чыгышына жооптуу, башкача айтканда, операциялык аменорея.
Бирок төрөгөнүңүзгө 9 ай болуп, этек кириңиз дагы деле келе элек болсо, гинекологго көрүнүп УЗИге түшүп койгонуңуз ашыкча болбойт.
Ден соолукта болуңуз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп