Кайын энем небересинин ДНК анализин тапшыргын деп талап кылып жатат
Саламатсызбы. Күйөөм менен ажырашып, алиментке тапшыргам. Ортобузда 3 бала бар. Үчүнчү балам оорукчан, азыр оор абалда. Кайын энем, үчүнчү баламдын аталыгын аныктайлы, ДНК анализ тапшыргын, деп жатат. Күйөөм бала аныкы экенин мойнуна алды. Бирок кайын энем, небере меники эмес, деп чыр салууда.
Анысына деле макулмун, болгону ДНК анализ жасата турган болсок, анын акчасын ким төлөйт?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Учурда доо арыздын негизинде аталыгын аныктап жаткан болсоңор, жоопкер катары жолдошуңуз гана тартылат. Ал эми кайын энеңиздин буга эч кандай тиешеси жок.
Жоопкер баланын атасы экенин мойнуна алып жатса, сот анын макулдугунун негизинде чечим чыгарууга толук укуктуу. Кайын энеңиздин баланын ДНК анализин тапшырууну талап кылууга укугу жок. Болбой эле иш боюнча тарап катары каралып жатса, анда ал мындай анализдин чыгымдарын өзү көтөрүүгө милдеттүү.
Бишкекте ДНК анализин жасатуунун баасы 16 000 сомдон жогору.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.