Төрт айлык балам 11кг. Уулума зыян эмеспи?
2019.12.24, 10:36
1527
Саламатсызбы! Балам 4 айлык, салмагы 11 кг. Кошумча тамак бербейм, 2-4 саатта ыйласа эмизем, күнүнө 8-10 ирет болуп калат. 3 кг 100 гр менен төрөлгөн. Көп салмак кошуп салды деп кабатырланып жатам. №-4 айлык баланын кийими туура келбей 1 жаштыкын кийгизип жатам. Көп салмактын балага зыяны жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.12.2019, 10:37
Анара Базаркулова
Педиатр
Саламатчылык!
Төрт айлык бала үчүн 11 кг нормадан көбүрөөк. Болжол менен 6-7 кг болсо нормада болот. Албетте боюунун узундугу да эске алынат.
Диета кармаңыз. Таттуу жебей, ун азыктарын азайтыңыз. Баланы укалоого алып барып, кант диабетине анализ тапшыртыңыз.
Алты айына чейин эмчек сүтү менен андан кийин кошумча тамак бере баштасаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп