// //

Иниме крипторхизм деп диагноз коюшту. Операциянын баасы канча болот?

2019.12.23, 12:31
1218

Саламатсызбы! Иним 7 жашта. Дарыгерге текшертсек бир жактуу крипторхизм деп айтты. Тез арада операция кылуу керек экен. Бишкекке алып келип көрсөтүүнү чечтик. Кайсыл жерге барсак  жана операциянын баасы канча болот? Суранам, кененирээк маалымат бериңизчи. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.12.2019, 12:33

Азис Элгондиев 

Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын балдар хирургу 

Саламатсызбы! Операциянын баасы ар кандай, так мынча сом деп айтуу мүмкүн эмес. Орточо эсеп менен айта кетсем, 3-4 миң сом болот. Операция 20-30 мүнөткө созулат. Бейтапканада жатууну талап кылбайт, дароо үйгө чыгарылат. Ал эми жети күндөн кийин жиби алынат. Иниңизге ден соолук каалайм! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт