Иниме крипторхизм деп диагноз коюшту. Операциянын баасы канча болот?
2019.12.23, 12:31
1483
Саламатсызбы! Иним 7 жашта. Дарыгерге текшертсек бир жактуу крипторхизм деп айтты. Тез арада операция кылуу керек экен. Бишкекке алып келип көрсөтүүнү чечтик. Кайсыл жерге барсак жана операциянын баасы канча болот? Суранам, кененирээк маалымат бериңизчи.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.12.2019, 12:33
Азис Элгондиев
Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын балдар хирургу
Саламатсызбы! Операциянын баасы ар кандай, так мынча сом деп айтуу мүмкүн эмес. Орточо эсеп менен айта кетсем, 3-4 миң сом болот. Операция 20-30 мүнөткө созулат. Бейтапканада жатууну талап кылбайт, дароо үйгө чыгарылат. Ал эми жети күндөн кийин жиби алынат. Иниңизге ден соолук каалайм!
0
Пайдалуу жооп