// //

Табыпка баргандан бери мурдум бүтүп жатат. Мурдума зыяны тийдиби?

2019.12.23, 12:23
1075

Мурдумдун ашыкча кемирчегин операция кылдыртып алдыргам. Операциядан 20 күндөн кийин үйдөгүлөр жүрөгүн түшүп калыптыр деп, жүрөк көтөөрүчү табыпка алып  барган. Ал табып бутумду тик өйдө көтөрүп башымды тик ылдый кылат, ошол убакта башып оорлошуп кеткен. Ошол күндүн эртеси мурдумдун бир жагы кайра бүтүп калды, башым ооруп чыкты. Мурдума зыяны тийдиби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.12.2019, 12:40

Таттыгүл Агыбаева

Лор

Саламатсызбы!

Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Бул кан басымдын жогорулап же түшүп кетишинен болушу мүмкүн. Кайрадан дарыгерге барып көрүнүңүз. Сизге гормоналдуу спрейлерди жазып бериши мүмкүн.

Операциядан кийин аз гана убакыт өтүптүр, жарат толук ордуна келе элек. Андыктан сууктан, ысыктан сактанышыңыз керек болот. Ошондой эле кан тамырларды ичкерте турган тамчыларды тамызбаңыз.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт