Балама күбөлүк алалы десем 1500 сом айып салды. Төлөшүм керекпи?
2019.12.23, 10:22
1109
Келинчегим төрөгөн, балама күбөлүк алаарда паспортумду жоготуп алгам. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кагаз жазып берген, анын болсо мөөнөтү бүтүп калыптыр. Эми күбөлүк алалы десек, 1500 сом айып пул салды. Эмне кылсак болот? Төлөш керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.12.2019, 10:23
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы!
Айып пул салуу боюнча протокол берсе ошого жараша айып төлөйсүз. Бирок 1500 сом өлчөмүндө айып пул жок. Сизди алдап жатат окшойт.
Бузуулар жөнүндө кодекстин кайсы статиясын бузганыңызды тактап сурап, айыпты протоколдун негизинде кассага төлөйм деңиз. Эгер ага макул болбосо, тиешелүү органдарга арыз менен кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп