Жыйырма миң сом кредит алайын дегем. Кандай документтерди чогултушум керек?
2019.12.20, 14:23
1234
Саламатсызбы! Жыйырма миң сом кредит алайын дегем. Кандай документтер талап кылынат? Айына канча сомдон төлөп калам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.12.2019, 14:25
Гүлдана Боромбаева
"Бай Түшүм" Банкынын универсалдуу башкы адиси
Саламатсызбы! "Бай Түшүм" Банкынан насыя ала турган болсоңуз, бул документтер топтомун чогултушуңуз керек:
- Паспорт;
- Каттооңуз шаарда эмес болсо, жашаган жериңизден тактама;
- Киреше булактарыңыз тууралуу маалымкат.
Насыянын мөөнөтү 12 айга болсо, айына 1949 сом, эгер 18 ай болсо, айына 1392 сом төлөйсүз. Ошондой эле, жаш курагыңыз 22ден өйдө болсо, кепилдик берүүчүсүз 50 миң сомго чейин кредит алаласыз. Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп