Аялымдын паспорту Тажикстандыкы, нике кагазын кантип алсак болот?
2019.12.20, 10:38
1081
Саламатсызбы. Аялымдын паспорту тажик паспорт. Нике кагазын алсак болобу? Кантип?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.12.2019, 10:39
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатчылык. Албетте болот. Биздин мыйзамда чет элдик жарандар менен нике кыюуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн экөөңөрдүн тең паспортторуңар керек. Келинчегиңиз Тажикстанда никеге турган эмес деген малымкат (справка) алдыртышыңыз керек. Тажикстанджан барып алуу мүмкүнчүлүгүңөр болбосо, Кыргызстандагы Тажикстандын элчилигине да кайрылып, ушундай кагаз алсаңар болот. Документтерди ырастап алып, кадимкидей эле ЗАГСка кайрылып, нике кагазын аласыңар.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп