Жакында көз жарам. Сүйүнчү акчаны кантип алам?
Саламатсызбы! Кош бойлуумун, жакында көз жарам. Сүйүнчү акчаны кантип алат жана кандай документтер керек? Айтып кое аласызбы?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун алуу үчүн жашаган жери боюнча Калкты каттоо мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө, башкача айтканда, Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматына (ЗАГС), маалыматтык күркөөлөргө, калкты тейлөө борборлоруна документтер: паспорт менен баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү тапшырылат.
“Балага сүйүнчү” жөлөкпулун бала төрөлгөндөн баштап алты айга толгонго чейин алуу керек. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатканда “Балага сүйүнчүгө” документ тапшырып койсо болот. Мурдагыдай банктарга барып эсеп ачуунун зарылчылыгы жок. Документтерди тапшырып жаткан жерден дароо РСК же Айыл Банктарга эсеп ачылат.
4000 сом үч иш күндүк ичинде банктык эсепке келип түшөт жана жөлөкпул түшкөндүгү боюнча уюлдук телефонго билдирүү келет. Акчаны айтылуу банктардын каалаган филиалдарынан алса болот. Эч кандай комиссия талап кылынбайт.