Күйөөм балдардан баш тартса дагы алимент төлөп бериши керекпи?
Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүздүн ажырашканыбызга бир жыл болду. Кичинекей эки балабыз бар. Күйөөм балдарга "отказной" жазып берем деп жатат. Аны жазса алимент төлөй алабы? Учурда башка аял менен жашайт.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, эгерде ата өз балдарынан алимент төлөбөш үчүн баш тартса, мындай баш тартуунун негизинде, алимент төөлөдөн бошотулбайт. Атанын баладан баш тартуусун, ата балдарына болгон укугунан баш тартуу деп түшүнүүгө болот. Ал эми алимент төлөө бул атанын милдети болуп эсептелинет. Ошондуктан күйөөңүздүн балдарынан баш тартуусу алимент өндүүрүгө эч залакасын тийгизбейт. Эки балаңыз үчүн алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылыңыз. Бул жерден алимент өндүрүү боюнча арыз кандай жазылат экенин көрсөңүз болот.