Кыргыз тили жана адабият мугалими бала бакчага жумушка кире алабы?
2019.12.19, 12:32
1298
Саламатсызбы! Мен жогорку окуу жайды бүтүргөм. Мектепте бир жыл өз адистигим менен, тактап айтканда, кыргыз тили жана адабият мугалими болуп иштедим. Учурда үйдөмүн. Жаныбызда бала бакча ачылып жатат. Ошол дипломум менен бала бакчага жумушка кирсем болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.12.2019, 12:35
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Албетте, бала бакчага жумушка кирсеңиз болот. Биринчи кезекте, жаш балдарга кыргыз тили жана адабият сабагын өтүп. Эгер мурун мектепте жогорку класстарга сабак берип иштеген болсоңуз, анда кошумча курстарды окуп койгонуңуз өзүңүз үчүн жакшы. Сиз бала бакчага барып ал жердин жетекчиси менен сүйлөшүңүз. Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп