Күбөлүктү кеч алганыбыз үчүн айып пул салынат деп жатат. Ушул чынбы?
2019.12.19, 11:26
862
Күбөлүк алууга берилген кагаздагы мөөнөттөн бир ай өтүп кетти. ЗАГСка барсак, айып пул 1500 сом, деп айтышты. Бул чынбы? Айып пулду төлөө керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.12.2019, 11:26
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы.
Биринчиден, эгер бир эле ай кечиктирилсе айып пул салынбайт, ал эми эки ай өткөндө эскертүү берилет.
Экинчиден, айып пулдун өлчөмү 1000 сомду түзөт.
Бул факты боюнча 0312 62 23 43 номерине чалып маалымат калтырып кетсеңиз болот.
Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп