Бизнес үчүн кредиттер тууралуу адис айтып берет
"Айыл Банк" АККнын насыялоо бөлүнүнүн башки адиси Мирбек Жөлөкөв менен бизнес кредиттер туууралуу маек курдук.
"Айыл Банк" бизнесмендер үчүн кандай насыя продуктуларын сунуштай алат?
Ишкерлер үчүн соода-сатык, тейлөө кызматтарына жана өндүрүш тармактарына берилүүчү сом түрүндөгү насыя түрлөрү бар. Ошондой эле, доллар, евро менен берилчү "Выгодный" деген кредит продуктусун кошо кетсек болот.
Бизнестин кайсы түрүнө артыкчылык берилет: чакан, орто же ири?
Соода-сатык жана тейлөө үчүн насыялары аты айтып тургандай эле коммерциялык ишмердик менен алектенгендерге, ал эми өндүрүш насыясы, жеңил жана тамак-аш өнөр жай тармактарына жана курулуш материалдарын өндүргөн ишкерлерге берилет. Доллар жана евро түрүндө берилүүчү "Выгодный" насыясын жогорудагы аталган бардык кардарлар алалат.
Насыя мөөнөтүнө жана жылдык пайызына токтоло кетсеңиз.
Мөөнөтү багытына жараша. Эгер насыя жүгүртмө катары пайдаланылса - үч жылдык, салым катары кредиттер беш жылдык мөөнөткө чейин берилет. Ал эми доллар жана евро түрүндөгү насыялар беш жылга.
Кандай документтер топтомун чогултуу зарыл?
Салык органдарынан катталгандыгы тууралуу күбөлүк же патент, насыя алуучунун паспорт, нике күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү, жашаган жеринен тактама жана күрөөгө коюлуп жаткан мүлктүн документтери.
"Айыл Банкта" 2019-жылдын ноябрь айынан баштап, 2020-жылдын март айына чейин бизнес насыялар боюнча "Бизнес+" деген акция жүрүп жатат. Соода-сатык жана тейлөө кызматтарына мурда насыялар 22% менен берилип жаткан болсо, азыр 18%га төмөндөтүлдү. Акция тууралуу кененирээк маалыматты "Айыл Банктын" каалаган кеңселеринен алаласыз.