Бала эмчек эмүүдөн баш тартпашы үчүн эмне кылышым керек?
2019.12.18, 09:54
3613
Менин 4 айлык балам эмчек эмет. Күндүз 3 маал “смесь” берип коем. Эми эмчек эмсе эле бакырып ыйлап, эмбей коет. Уктаганда же түнкүсүн берсем байкабай эмип алат. Эми ушундай эле болуп калабы? Балам эмчектен баш тартпаш үчүн эмне кылышым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.12.2019, 09:55
Нуржамал Жаанбаева
Педиатр
Бала аралаш тамактанууга көнүп алыптыр. Анын үстүнө чоңойгон сайын ал үчүн эмчектин сүтү жетишсиз боло баштайт. Эмип дагы, “смесь” да ичип жаткандын эч кандай көйгөйү жок. Демек бала эне сүтү аркылуу жетишээрлик деңгээлде энергетикалык азык албай жатат. Ошондуктан күндүз “смесь” берүүңүздү талап кылууда.
Балаңыз ден соолукта болсун!
0
Пайдалуу жооп