Күйөөм сотко келбей койду, эмне кылышым керек? Адвокат жооп берет
2019.12.17, 13:45
1338
Саламатсызбы. Мен балама алимент алуу үчүн документтеримди тууралап сотко кайрылгам. 3 жолу сот болду, бирок күйөөм бирине да келип катышкан жок. Эмкисинде да келбесе ошо бойдон кала береби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.12.2019, 13:47
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Менин түшүнгөнүмө караганда, доо арыз менен сотко кайрылгансыз. Эгер жоопкер сот отурумуна катышпаса, тилекке каршы анын катышуусу жок чечим чыгаруу кыйын болуп калат.
Эгер сиздин койгон талабыңыз бир гана алимент болсо, анда арыз менен эле сот буйругун чыгаруу тууралуу кайрылсаңыз болот. Ыкчамдуу түрдө сот буйругу чыгат.
Ийгилик каалайм!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп