Контракт төлөй албай айдалып кеткем. Документтеримди кантип алсам болот?
2019.12.16, 11:20
1164
Мен ОшТУда окуйт элем. Контракты төлөй албай айдалып кеткем. Документтеримди кантип алсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.12.2019, 11:21
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Документтериңизди алуу үчүн Ош технологиялык университетинин ректоратына кайрыласыз. Ал жактын кызматкерлери эмне кылуу керек экенин айтып беришет. Ошондой эле, бир нерсени билип алууңуз керек. Окуудан четтетүү буйругу чыкканга чейин юридикалык жактан сиз ал университеттин билимин алып жаткан студент болуп эсептелесиз. Тактап айтканда билим берүү кызматын колдонгон болосуз. Демек, буйрук чыккан мөөнөткө чейинки акыны төлөп калышыңыз мүмкүн. Баарын тактоо үчүн окуу жайыңызга барыңыз.
0
Пайдалуу жооп