ЗАГС жок, күбөлүктө атасы катары жазылган эмес. Алимент ала аламбы?
Ортодо ЗАГС жок, туулгандыгы тууралуу күбөлүктө атасы катары жазылган эмес, иштебейт. Кандай кылып алимент кестирсек болот? Бир балага канча сомдон болуп калат?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылыңыз. Соттук тартипте аталыгы аныкталгандан кийин, алимент өндүрүү боюнча чечим чыгарып берет. Аталыгын аныктоо үчүн күбөлөр (кошуналар же тааныштар) болушу шарт. Алар сиздердин чындап чогу жашаганыңарды, балаңар бар экенин күбө катары билдириши керек.
Бир балага сиз жашаган аймактын орточо айлыгын төрттөн бир бөлүгү берилет. Мисалы, сиз Бишкек шаарында жашасаңыз, ал жакта орточо айлык 20 миң болсо, анын төрттөн бир бөлүгү 5000 сом болуп калат.