Ашыкча көйгөйсүз, узак мөөнөткө кантип насыя алсам болот?
2019.12.12, 13:56
1221
Саламатсызбы! Жашым 20да, насыя алайын дегенмин. Ашыкча көйгөйсүз, узак мөөнөткө кантип алсам болот. Кандай документтер керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.12.2019, 13:57
Мирбек Жөлөкөв
“Айыл Банк” ААКнын насыялоо бөлүмүнүн башкы адиси
Саламатсызбы!
Насыя алуу үчүн:
- Паспортуңуздун көчүрмөсү;
- Киреше булагыңызды тастыктоочу документ;
- Үй-бүлөлүү болсоңуз, жубайыңыздын паспортторунун жана нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
Кепил берүүчүдөн:
- Паспортунун көчүрмөсү;
- Киреше булагын тастыктоочу документ;
- Үй-бүлөлүү болсо, жубайынын паспортторунун жана нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
Мына ушул документтер менен сизге жакын банктын кеңсесине кайрылсаңыз болот.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
0
Пайдалуу жооп