Аскерге барбаш үчүн жараксыз деген малымкат алгам. Эми кайра баргым келет
Саламатсызбы. Мен 22 жаштамын. 17 жашымда аскерге барбаш үчүн кулагыман ириң агат деп “справка” жасатып, альтернативдик билет алгам. Эми милиция кызматына иштегим келип барсам, мен алган билет жарабайт экен. Кайра аскерге барып, “мед. осмотрдан” өтсөм болобу?
Гүлзат Жарашева
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник
Саламатчылык. Ооба ИИМде же башка органдарда кызмат иштөө үчүн сөзсүз аскердик кызмат өтөө керек. Сиз кайрадан медициналык текшерүүдөн өтүңүз. Эгер алар ден соолугу жакшы, аскерге кызмат өтөөгө жарактуу деген корутунду чыгарып берсе, анда бир айлык аскердик курстан өтсөңүз болот. Акысы 50 000 сом. Андан кийин келип МВДга кайрылыңыз.
Ийгилик!