// //

Үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу болуу үчүн буларды жасоо керек. 7 кеңеш

2019.12.11, 17:03
4346

Нике айнек сымал морт болот, аны бапестеп, сынып кетүүдөн коргоп, этият мамиле кылуу керек. Үй-бүлөлүк жашоону бактылуу кылуу үчүн, айрым учурларда аны сактап калууда да пайдасы тийген бир нече кеңеш бар. Бул жерде айтылган 7 кеңеш үй-бүлөлүк жашоого пайдасын гана алып келет.

  1. Кечиримдүү жана ак көңүл болгула. Көптөгөн илимий изилдөөлөр эбак эле далилдешкен. Кечиримдүү адам, таарынычын өзүнө катып алганга караганда кыйла бактылуураак болот. Илгери бир акылман айткан экен “бактылуу үй-бүлө - бул бирин-бири кечире билген эки адамдан турган бирикме”.
  2. Көбүрөөк бирге убакыт өткөргүлө. Тилекке каршы, көпчүлүк жубайлар бул кеңешке көңүл кош мамиле кылышат. Свиданиелер, бирге тамактануу, бирге кино көрүү, бирге сейилдөө... Үйлөнгөндөн кийин мунун бары өткөн чакта калат. Эми экөө эки жакта телефонун чукулап отурушат. Токтоткула. Телефонду өчүргүлө. Отуруп алып сүйлөшкүлө, келечекке пландарды кургула, кыялдарыңар менен бөлүшкүлө. Мухаммед пайгамбар, адам менен сүйлөшүп жатканда, жүзүн сүйлөп жаткан адамга буруп, кунт коюп уккан. Силер да андан үлгү алгыла. Изилдөөлөргө таяна турган болсок, өздөрүн бактылуубуз, деп эсептеген жубайлар жумасына бири-бирине 5 саатан кем эмес убакыт бөлүшөт экен. Чарчадыңбы, алың калбай калдыбы, маанайын жокпу айырмасы жок. Түгөйүңө убакыт бөл.
  1. Күндө “сүйөм” деген сөздү айтып тургула. “Сүйөм” деп айтуу, сезимиңди ар кандай ыкмалар аркылуу билдирүү абдан маанилүү. Бир да күнүңдү кур өткөрбөгүлө. Жумушка баратып коштошкула, жолукканда кучакташып учурашкыла, бири-бириңе кам көргүлө, жылуу сөздөрдү айтып же телефон аркылуу билидирүү жөнөткүлө.
  2. Азыраак сындап, көбүрөөк мактагыла. Эч ким сын пикирди уккусу келбейт. Өзгөчө жакын адамыңдын сөзү катуу тиет. Сындоо - ортодогу мамилеге доо кетирет. Эгер жакшы нерсени байкабай жалаң кемчиликтерди айтып туруп алсаң, адам акыры ошондой боло баштайт. Бул адамды эмнеси үчүн сүйүп калдым, мага эмнеси менен жаккан? - деген суроонү өзүңөргө берип, ошол сапаттарын айтып, жубайыңарга дем-күч берип тургула. Жаңы бийиктиктерге жетүүгө үндөгүлө. Комплимент айтуудан тажабагыла.
  3. Ыраазычылыгыңарды көрсөткүлө. Албетте күнүмдүк тиричиликте жөнөкөй эле “рахмат” деген сөздү айтып коюууну унутуп калабыз. Кээде, түгөйүбүздүн биз үчүн жасаган нерселерин анын милдети катары кабыл алабыз, ошондуктан ыраазычылык билдирүүнүн кажети жоктой сезилет. Жакындардын сиз үчүн жасаган майда барат нерселерин барктаңыз.
  4. Боорукер болгула. Албетте, урушуп-талашып жаткан учурда боорукер болуу оор. Бирок так ушундайда мээримдүү болуу маанилүү. Мээримиңерден аянбагыла.
  5. Керексиз үмүттөрдөн арылгыла. Жогоруда айтылган кеңештерди окугандан кийин, дароо иш жүзүндө колдонуп көргүңөр келет. Бирок бир нерсе эсиңерде болсун - реалдуу болгула. Бул кеңештерди пайдалануу узак жолго аттануу дегендик. Жубайыңыз же жолдошуңуз бир эле күндө/түндө өзгөрүп калышын күтпөгүлө. Өзгөрүүлөр бөлмөдөгү жарыкты шырт этип жандыргандай боло калбайт. Ал үчүн күндө аракет кылып, өзүңдү, өзүндүн мамилеңди өзгөртүү зарыл.

Ылайым бактылуу болгула!

Маалымат islam-today.ru сайтынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт