Кургак бетти “молочкодон” башка эмне менен тазаласа болот? Косметолог жооп берет
2019.12.11, 11:09
1443
Саламатсызбы. Кургак бетти макияждан тазалаганда, “молочкодон” башка эмне колдонсо болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.12.2019, 11:10
Асель Алымбаева
Косметолог
Саламатчылык. Учурда косметика рыногунда көптөгөн каражаттар бар. Кургак бет үчүн гидрофилдик майды (гидрофильное масло) колдонуп корүүнү сунуштамакмын. Анткени ал макияжды жакшы тазалай, ошол эле учурда беттин терисин кургатпайт.
Көңүл бура турган нерсе, гидрофилдик майда, дегеле бардык косметиканы базардан эмес, колдон келсе дүкөндөрдөн, дарыканадан алыңыз. Анткени сыртта турган каражаттар күндүн нуруна какталып, ысыкта-суукта тургандыктан өзүнүн касиетин жоготуп, сапаты төмондөп кетиши мүмкүн.
Асель Алымбаеваны cityestetic.kg сайты аркылуу тапсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп