Балам ооруса кулагынан ириң агат. Укпай калбайбы?
2019.12.10, 12:26
1978
Балам 6 жарым жашта. Ооруганда кулагынан ириң агып калат. Дарылансак деле ага берет, угуусу дагы начарлап калды. Кандай кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.12.2019, 12:27
Таттыгүл Агыбаева
Дарыгер-лор
Дайыма кулагынан ириң акса, демек, тарсылдагы тешик. Бул өнөкөт болуп калган, ошол үчүн кичине ооруган сайын кулагынан ириң агат. Педиатр же терапевтке эмес лор дарыгерге кайрылыңыз.
Мурдун, тамагын карап көрүп, көйгөйлөр болсо дарылаш керек. Себеби кулак, мурун тамак бири-бири менен байланышта болот. Тамагында ангина болсо, кичине чоңойгондо жууш керек.
Туура диагноз коюп, эртерээк дарылабаса угуусу начарлап кетет.
Балаңызга ден-соолук каалайм!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп