Баламдын териси сыйрылып, чачы түшүп жатат. Бул кайсы оорунун белгилери?
2019.12.06, 14:23
2072
Саламатсызбы. Балама 1 жаш 6 ай болуп калды. Анын тырмактарынын айланасындагы терилери сыйрылып, башына жол болуп, чачы да түшүп жатат. Балама кандай витамин жетишпейт? Эмне берсем болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.12.2019, 14:24
Эдиль Садыков
Педиатр
Саламатчылык. Сиз айтып жаткан белгилер итий (рахит) оорусунун жана анемиянын белгилерине окшош болуп жатат. Бирок баланы корбөй туруп диагноз кое албайм.
Ошондуктан баланы педиатрга көргөзүп, канынын жалпы анализин, темир, кальций, магний, калий жана “Д” витаминдерине текшертиңиз. Үй-бүлөлүк дарыгер кайсы микроэлемент жетишпесе ошого ылайык, өз өлчөмү менен дарыларды жазып берет.
Балаңыз ден соолукта болсун!
0
Пайдалуу жооп