Салон ачып визажист болуп иштесем күнөө болобу?
Саламатсызбы! Мен 17 жаштамын. Кичинемден визажист болууну кыялданчумун. атам салон ачып берем дечү. Бир жыл мурун визажистке окуп жатканда, үйгө атамдын динге берилген агасы конокко келип калды. Атам мени салонго окутуп жатканын айтканда, ачууланып "кызыңды андай жерге окутпа, күнөө болот, кызыңа гана эмес сага дагы",-деди. Атам окуумду толук бүтө электе чыгарып алды. Башка кесипке анчалычык кызыга албайм. Азыр болсо дос кыздарымды бекерге боеп берем. Сурайын дегеним, эгер мен салон ачып иштетсем күнөө болобу?
Кадыр Маликов
Теолог
Албетте, бул жерде эч кандай күнөө жок. Окууңузду бүтүрүп, аялдарды боеп иштесеңиз болот. Мунун жаман эч нерсеси жок. Кыялыңызга багыт алып, салон ачып иштей бериңиз. Бир гана жери, сиз эркектерди эмес, аялдарды тейлешиңиз керек. Жалпысынан айтсам, визажист болсоңуз, күнөөкөр болбойсуз.