// //

Жатын моюнчасында ыйлакчалар бар экен. Эмне кылышым керек?

2019.12.05, 11:22
1248

Саламатсызбы. Мен гинекологго барып көрүндүм. Бардыгы жакшы экен деди. Болгону жатын моюнчасынада майда ыйлакчалар бар экен, эч нерсе болбойт, дейт. Мен ошого кыжалатмын. Ден соолукка зыяны жокпу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.12.2019, 11:23

Раушан Джумагулова

“Экрай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Менин түшүнгөнүмө караганда, жатын моюнчасында кисталар бар окшойт. Медицина тилинде айтканда – наботовые кисты.

Сиз онкоцитологияга “мазок” тапшырып, колькоскопия жасатышыңыз керек. Эгер анализдериңиз патологиясыз чыкса, бир жылдын ичинде улам текшерилип, гинекологдун козөмөлүндө болуп туруңуз.

Дагы бир вариант, ал кисталарды, ачып (жарып) салса болот. Бирок бул процедураны кисталардын көлөмү чоң болгондо жана ириң толуп кеткенде жасашат.

Ден соолукта болуңуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт