Баланын эмгеги чоңураак экен, деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
2019.12.04, 14:33
6303
Саламатсызбы. Балама үч ай болуп калды. Больницага барсак, доктур эмгегин кармап көрүп, чоңураак экен дейт. Эмне себептен андай болот? Балага зыяны жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.12.2019, 14:34
Эдиль Садыков
Педиатр
Саламатчылык. Баланын эмгегинин стандарты жок. Айрым балдардыкы чоңураак, башкаларыныкы кичирээк боло берет. Педиатрлар баланын эмгеги канча жашында бүттү, ошого маани беришет. Эгер 1-1,5 жашка чыкканга чейин эмгеги катыбаса, анда доктурга көрүнүп, текшерүүдөн өтүү зарыл. Анткени, бул баланын организминде кальцийдин жетишсиздигинен кабар бериши мүмкүн.
Ар дайым үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө болуңуз. Неврологдон да кеңеш алып койсоңор ашыктык болбойт.
Балаңыз ден соолукта болсун!
0
Пайдалуу жооп