Он тогуз жаштамын. Насыя алыш үчүн кандай документтерди чогултушум керек?
2019.12.04, 13:49
1422
Саламатсызбы! Мен кредитке 30 000 сом акча алайын дедим эле. Жашым он тогузда. Иштеген жеримен маалымкат жана паспортум бар, каттоом шаарда. Дагы кандай документтер керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.12.2019, 13:50
Гүлдана Боромбаева
"Бай Түшүм" Банкынын универсалдуу башкы адиси
Саламатсызбы! Насыя алуу үчун керектүү документтер тизмесине токтоло кетсем:
Сизден:
- Паспортуңуздун көчүрмөсү;
- Киреше булагыңызды тастыктоочу документ;
- Үй-бүлөлүү болсоңуз, жубайыңыздын паспортторунун жана нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
Кепил берүүчүдөн:
- Паспортунун көчүрмөсү;
- Киреше булагын тастыктоочу документ;
- Үй-бүлөлүү болсо, жубайынын паспортторунун жана нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп