3-курстан баштап мугалим болуп иштесе болобу?
2019.12.03, 13:26
1519
Саламатсызбы! Мен 3-курста окуйм. Кесибим педагог. Университетти бүтпөсө деле, ал жактан маалымкат алып, мектепте иштеп баштаса болот деп уктум. Сурайын дегеним, бул чынбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.12.2019, 13:27
КРнын Билим берүү жана илим министрлигин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Ооба, үчүнчү курстан баштап сабак берип мугалим болуп иштесеңиз болот. Ал үчүн мектептин педагогикалык чечими керек. Билимиңиз бүтпөгөн жогорку билим болуп эсептелип калат. Бул тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн окуу жайыңыздын деканатына же иштөөнү каалаган мектептке кайрылып сурасаңыз болот. Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп