Мен эч нерсе кылгым келбейт, жалкоомун. Өзүм менен кантип күрөшөм?
Саламатсызбы. Мен эч нерсе кылгым келбейт, жалкоомун. Жакшы эле бир нерсе кылайын дейм, анан ал аябай чоң иштей көрүнө берет. Өзүм менен кантип күрөшөм?
Виктория Исакова
Психолог
Кутман күн! Жалкоолук – бул энергиянын жетишсиздиги деген пикир бар. Энергиянын жетишсиздигин кантип толуктоо керек? Бул сизге таң калычтуу көрүнүшү мүмкүн, бирок, аны активдүүлүк менен женсе болот.
Алгач күнүңүздү пландаштырыңыз. Колуңуздан келген иштерди тизмектеп алыңыз. Башында эң олуттуусун жасап, улам жеңилдерин кийинкиге калтыруу керек.
Бир күндү ашыкча көп жумуш менен жүктөп салбаңыз. Алыңыз жетишинче гана жасоо зарыл. Бир ишти аткаргандан кийин ортодон тыныгуу алыңыз. Жумушту аягына чейин бүтүргөнүң үчүн сөзсүз өзүңүздү мактап, жагымдуу белек же байге тартууласаңыз болот. Мисалы, сиз жакшы көргөн шоколад.
Дароо эле бардыгы ойдогудай боло койбойт. Жалкооңуз кармап жатса өзүңүздү жемелеп урушпаңыз. Бир аз бекерчилеп жата туруңуз да, анан кайра аракет кылып көрүңүз.
Ийгилик!