// //

Боюмда бар же жогун билбей атам. Эмне кылышым керек? Гинеколог жооп берет

2019.12.03, 12:21
2594

Саламатсызбы. Менин боюмда бар же жок экенин билбей атам. Этек кирим августта келип, сентябрда келген жок. Тест салсам боюмда бар деп чыкты. Бирок октябрь айында кайра этек кирим 3 күн келди. Узиге барсам боюнда жок деп чыкты, бирок ХГЧ тапшырсам, бар деп айтты. Гинеколог кийинки айды күт деген. Ноябрь айында этек кирим келген жок. Тест салсам кайра эки сызыкча чыгып жатат. Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.12.2019, 12:22

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Кутман күн. Өзгөчө көрүнүш экен. Бул жерде бардыгын дыкат изилдеп чыгуу керек. Ал үчүн ХГЧ анализин бир нече жолуп тапшырып, динамикасын байкап көрүү зарыл. Негизи, ХГЧ өтө сейрек жаңылышат. Эгер ХГЧ анализ кош бойлуулук бар деп көрсөтсө, бирок чынында бойго бүтпөсө бул олуттуу патологиялар бар экенин күбөлөндүрөт.

Жаңылыш анализ чыгуусуна төмөнкүлөр себепкер болушу мүмкүн:

  • жатындан сырткары бойго бүтүүсү (внематочная беременность);
  • залалдуу шишик (злокачественная опухоль)

Ошол эле учурда УЗИ да жаңылышы мүмкүн. Ал жерде да нюанстар өтө көп. Дагы бир жолу анализдерди тапшырып, УЗИге түшүп көрүңүз.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт