Күйөөм хиджаб кий деп кыйнай берет. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Күйөөм намаз окуйт. Анан мени хиджаб кий деп кыйнай берет. Мен жөнөкөй эле кийинип жүргүм келет. Күйөөмдүн кылып жатканы туурабы? Эмне кылсам болот?
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы! Жоолук салынуу мажбурлап кыла турган иш эмес. Ар бир адам өзүнүн түпкү ишеними менен барышы керек болгон нерсе. Күйөөңүз эмне үчүн кий деп жатканын билүү үчүн, бул жаатта билим алсаңыз болот. Жоолук кийүү үчүн жүрөктүн түпкүрүндө ыйман болуш керек. Жолдошуңуз мажбурлап кийгизип койгону менен аны канчалык деңгээлде аткара аласыз, бул суроо болуп калат. Демек, жоолук салынууда мажбурлоо болбой, ар бир адам бул нерсеге өзү келиши зарыл.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.