// //

Чогулткан акчамды кайда сактасам болот?

2019.12.03, 10:13
1718

Саламатсызбы! Менин бир аз чогулткан акча каражатым бар эле. Ошол акчаларымды кыска же узак мөөнөткө кайсы банкка сактасам болот жана кандай документер керек? Сактаган акчанын үстүнө пайыз кошулабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.12.2019, 14:40

Айбек Рыскулов

“Айыл Банк” ААКтын кардарларды тейлөө башкармалыгынын жетекчи адиси

Саламатсызбы! Сиз акча каражатыңызды “Айыл Банктын” мөөнөттүү депозиттерин ачып сактасаңыз болот. Пайыздары ачылган мөөнөттүү депозиттин түрүнө жана мөөнөтүнө жараша болот. Алардын ачуу шарттары жана пайыздары жөнүндө толук маалымат менен ab.kg сайтынан таанышсаңыз болот жана ар бир депозиттин шарттарынын алдында депозиттик эсептегич бар.

Документтер боюнча: "Ардагер" мөөнөттүк депозитине салым пенсиялык күбөлүк менен паспортту көрсөткөндө ачылат ал эми "Наристе" депозитине салым балаңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана паспортунузду көрсөтүү менен ачылат. Калган депозиттерге паспортту көргөзүү гана жетиштүү.

Ошондой эле, банк 31-декабрга чейин «Депозит+1» акциясын өткөрүп, кардарларга 3 жылга чейинки аралыкка депозит ачууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт