Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болуп калды. Эмнеден болушу мүмкүн?
Саламатсызбы. Менин жети айлык боюмда бар. Сол колтугумда кичирээк “шишка” пайда болуп калды, оорутпайт. Төрөгөндөн кийин жоголуп кетиши мүмкүнбү? Бул эмнеси деги?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Саламатчылык. Менин сизге суроом бар: бул сиздин биринчи кош бойлуулугуңузбу?
Кош бойлуу кезде колтукта шишиктин пайда болушу кошумча сүт бези (дополнительные молочные железа) болушу мүмкүн. Бул айрым келиндерде кездешет, бирок патология болуп эсептелинбейт.
Көпчүлүк учурда эки колтукта тең пайда болот. Кадимки эле сүт бези, ал кош бойлуу болгон учурда жана эмизип жатканда байкалат. Себеби, бул мезгилде аялдын сүт бездери чоң болуп турган чагы.
Мында эч кандай коркунуч жок. Колтуктагы шишик оорутпайт, болгону бир аз ыңгайсыздык “дискомфорт” жаратып, эстетикалык жактан көрксүз болушу мүмкүн. Кийин эмизип бүткөндө, пластикалык операция жасатсаңыз болот.
Кандай болгон күндө да, төрөткө чейин маммологго көрүнүшүңүз керек. Мен болгону сиздин жазгандарыңызга таянып божомолдоолорду айтып жатам. Сиз текшерилип, УЗИге түшкөндөн кийин гана так диагноз коюп, андан ары эмне кылуу керектигин айтып бермекмин.
Ден соолукта болуңуз. Аман-эсен көз жарып алыңыз!