// //

Мен жумушка кирип жаттым эле, мени алдап кетишпейби? Адвокат жооп берет

2019.12.02, 14:20
1044

Мен жумушка кирип жаттым эле. Алар менен келишим түзүп жатканда эмнелерге көңүл бурушум керек? Алдап айлык акымды төлөбөй коюшпайбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.12.2019, 14:21

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Саламатчылык. Жумуш берүүчү алдап кеткен учурларга көп эле жолугабыз. Эгер андай нерсе орун ала турган болсо, дароо сотко кайрылып, бербей койгон эмгек акыны өндүрсө болот.

Ал эми жумушка киргенде биринчи кезекте төмөнкү нерселерге көңүл буруңуз:

  • сөзсүз жазуу түрүндө эмгек келишимин түзгүлө;
  • алдын ала айлыктын көлөмүн макулдашып алгыла;
  • айлык кайсы күнү бериле турганын тактап алгыла;
  • күнүнө канча саат иштей турганыңызга көңүл бөлгүлө;
  • өзүңүздүн аткара турган милдеттериңизди так сурап алыңыз;
  • келишимде жазылган укуктарыңызды жана милдеттериңизди кылдаттык менен окуп чыгыңыз.

Ишиңизге ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт