Мен жумушка кирип жаттым эле, мени алдап кетишпейби? Адвокат жооп берет
2019.12.02, 14:20
1204
Мен жумушка кирип жаттым эле. Алар менен келишим түзүп жатканда эмнелерге көңүл бурушум керек? Алдап айлык акымды төлөбөй коюшпайбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.12.2019, 14:21
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Жумуш берүүчү алдап кеткен учурларга көп эле жолугабыз. Эгер андай нерсе орун ала турган болсо, дароо сотко кайрылып, бербей койгон эмгек акыны өндүрсө болот.
Ал эми жумушка киргенде биринчи кезекте төмөнкү нерселерге көңүл буруңуз:
- сөзсүз жазуу түрүндө эмгек келишимин түзгүлө;
- алдын ала айлыктын көлөмүн макулдашып алгыла;
- айлык кайсы күнү бериле турганын тактап алгыла;
- күнүнө канча саат иштей турганыңызга көңүл бөлгүлө;
- өзүңүздүн аткара турган милдеттериңизди так сурап алыңыз;
- келишимде жазылган укуктарыңызды жана милдеттериңизди кылдаттык менен окуп чыгыңыз.
Ишиңизге ийгилик!
0
Пайдалуу жооп