Нике окуп жатканда тырмагымда лак бар болчу. Нике өтпөй калган жокпу?
2019.12.02, 09:33
2396
Саламатсызбы! Нике окуп жатканда тырмагымда лак бар болчу. Сурайын дегеним, окулган нике өттүбү же жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.12.2019, 09:34
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы! Тырмактагы лактын болушу никеге эч кандай таасир этпейт. Ал эми намаз окуган адамдын колунда лак бар болсо, даарат алганда өтпөй калат. Өзүңүз көргөндөй намазда тырмакта лактын болушу дааратка таасир этет. Демек, нике окуп жатканда айымдардын тырмагында лак же жүзүндө макияжы бар болсо, окулган нике эч тоскоолдуксуз өтө берет.
0
Пайдалуу жооп