// //

Менструальный цикл учурунда кандын аз келиши сууну аз ичкендиктенби?

2019.11.29, 13:52
2662

Саламатсызбы. Менин суроом гинекологго: менструальный цикл учурунда кандын аз келиши эмнеден? Сууну аз ичкенден болушу мүмкүнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.11.2019, 13:53

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Адатта менструациялар жаңыдан гана келип баштаганда, менструалдык кандын көлөмү кыздын гормоналдык статусунан жана конституционалдык тибинен (булчуң, май жана сөөк ткандарынын өнүгүшү) көз каранды.

Гормоналдык статус – бул гормондордун биринин ашыгыраак болушу, алар: эстрогендер, прогестерон же тестостерон. Көпчүлүк учурда гормоналдык статус тукум кууйт. Демек апаңызда, эжеңизде этек кири келгенде канча кан келсе сизде да ошондой болушу мүмкүн.

Андан сырткары айыздын көлөмүнө, узактыгына, оорутуп-оорутпаганына көптөгөн факторлор таасирин тийгизет. Алар: сезгенүүлөр, кош бойлуулук, төрөт, гормоналдык өзгөрүүлөр ж.б.

Ал эми сиз ичкен суунун көлөмү эч кандай таасирин тийгизбейт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт