Аялымдын байкеси "карындашыма талак бер" деп кыйнап жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен аялым менен ажыраштым. Эми келинчегимдин байкеси менен жеңеси келип алып, "бир талакты бер" деп кыйнап жатышат. Бирок мен аялымды жакшы көрөм. Эмне кылсам болот?
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Адамдар үй-бүлө кургандан кийин чечимдерди өздөрү кабыл алуусу керек. Укук, милдеттерин аткарып, туура жүргөн жубайларга, ортодон башкалар келип, "силер жашабайсыңар" деп талагын сураганы туура эмес. Ошондуктан, сиз сүйгөн жарыңыз менен өз алдынча сүйлөшүп, бир чечимге келгиле. Силердин жашооңорду башка бирөөлөр чечпеши керек. Чогуу болосуңарбы же жокпу өзүңөр гана билесиңер. Үчүнчү тараптын турмушуңарга аралашуусуна жол бербегиле.