Кандай учурда уйдан ириген сүт чыгат?
Саламатсызбы! Кандай учурда уйдан ириген сүт чыгат? Биз жакында эле уй сатып алганбыз. Келгенде эле сүтү ирип чыгып калыптыр. Кийин бир аз оңолду да. Кайра эле ириген сүт чыга баштады. Эки айлык музоосу бар. Эмне үчүн мындай болуп жатат? Мындан кутулуунун кандай жолу бар?
Эламан Бекказы уулу
Жеке вет сервис
Саламатсызбы!
Эгер сүт ирип, кан аралышып чыгып жаткан болсо, мастит болушу мүмкүн. Мастит – сүт безинин сезгенүүсү.
Көпчүлүк учурларда мастит уйдун желинин чочутуп алганда пайда болот. Башкача айтканда желинди катуу нерсе менен чаап же тээп (уйлар чоочуганда бирин-бири желинге тээп алышы мүмкүн) салгандан. Ошондой эле жылан же уулуу курт-кумурскалар чагып алгандан да пайда болот. Болбосо туут оор же желинге микроб кирип кеткенден.
Мал доктурга кайрылууну сунуштайм. Өз алдынча жана туура эмес дарылоо өнөкөт маститке, уйдун сүт безинин начарлашына алып келет.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.