Айызым үч күн келип, эки күн жок болот. Бул кайсы оорунун белгиси?
2019.11.27, 15:33
1261
Айызым келгенде 3 күн келет, 1 күн такыр жок болот, анан кайра 2 күн аз аздан келет. Андан сырткары жыныс жагыман сары түстөгү жагымсыз жыттанган суюктук чыгат. Бул кайсы оорунун белгилери болушу мүмкүн?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.11.2019, 15:34
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Жагымсыз жыттанган сары түстөгү суюктук инфекциялык оорулардын жана жыныс кынындагы флоранын бузулушунан кабар берет.
Убагында дарыланбасаңыз, репродуктивдүү органдардын функциясы, менструалдык цикл бузулушу мүмкүн. Ошондой эле, ичегилер жабышып (спаечные процессы) ичтин төмөн жагы ооруй баштайт.
Сөзсүз гинекологго кайрылып, бардык анализдерди тапшырып, дарыланыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп