Узун чачымды сатсамбы дегем. Шариятыбыз буга уруксат береби?
Саламатсызбы! Чачым узун сатсамбы дегем. Чач сатуу мусулманчылыкта кандай каралган?
Кадыр Маликов
Теолог
Шарият боюнча чач, тырмак сыяктуу дененин бөлүктөрүн сатуу жактырылбайт. Себеби, ислам салттарына ылайык, адамдын чач, тырмак сыяктуу дене бөлүктөрү өзү менен кошо код, мындайча айтканда маалыматты алып жүрөт. Алсак, адам аларды киреше алуу максатында сатса, бул чоң тобокелчилик жана динибиз тарабынан тыюу салынат. Анткени, бүгүнкү күндө бизде адамдын чач, тырмак сыяктуу дене бөлүктөрүнөн жасалган көз байлоочулук (магия), сыйкырчылык көп тараган. Жей турган эч нерсе жок, ачкадан каза болуп жатканда гана, жашоону сактап калуу максатында чачты сатууга уруксат берилет. Ал эми жалпысынан, киреше алуу үчүн чач сатуу ислам тарабынан жактырылбайт, тыюу салынат, арам болуп саналат.