ЗАГС жок алимент кырктыра аламбы? Юристен кеңеш
2019.11.27, 12:20
2095
Саламатсызбы! Күйөөм эч кандай макулдугум жок ЗАГСты кырктырыптыр. Эми ЗАГС жок алимент кырктыра аламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.11.2019, 12:21
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы!
Нике күбөлүк жок болсо, бирок, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн "атасы" деген графада күйөөңүздүн аты-жөнү жазылса, сотко кайрылсаңыз, алимент өндүрүү боюнча буйрук чыгарып берет.
"Атасы" деп жазылбаса, жалгыз бой эне болсоңуз, ошол эле сотко аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү боюнча доо арыз түрүндө кайрылсаңыз болот.
Жашаган жериңиздеги сотко кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп